Бишкекте өзгөчө эстелик пайда болду. Видео

Эстелик Екатеринбургда куюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ынтымак" сейил багында "Ы тамгасы" арт-объекти пайда болду.
Ага "кыргыз", "ыйык", "бакыт" деген сыяктуу сөздөр чегерилген. Эстеликтин ачылышында андагы QR-код аркылуу Кыргызстан тууралуу маалымат алса болору айтылды.
1 / 4

Борбор калаадагы "Ынтымак" сейил багында "Ы тамгасы" арт-объекти пайда болду

2 / 4

Ага "кыргыз", "ыйык", "бакыт" деген сыяктуу сөздөр чегерилген

3 / 4

Эстеликтин ачылышында андагы QR-код аркылуу Кыргызстан тууралуу маалымат алса болору айтылды

4 / 4

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, "Российская газета" басылмасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков жана шаар тургундары катышкан

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, "Российская газета" басылмасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков жана шаар тургундары катышкан.
"Эстелик Кыргызстан жөнүндө көбүрөөк адамдар билиши үчүн жасалган", — деди Евлашков.
Мындай арт-объектини орнотуу идеясы "Российская газета" өкүлчүлүгүнө таандык, Бишкек мэриясы долбоорду колдоого алган. Эстелик Екатеринбургда куюлган.
Токаев менен Жапаров Астанада Манастын эстелигин салтанаттуу ачышты