"Ала-Тоо" аянтынан Ардак кароол менен желек төрт айга алынды

Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкекте "Ала-Тоо" аянтындагы Ардак кароол менен Кыргызстандын желеги төрт айга алынды.
27-апрель күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты оңдоп-түзөө иштери үчүн жабыла турганын калаа мэриясы билдирген. Аянттын аймагындагы коомдук жайлар убактылуу жабылат. Анын ичине тротуарлар менен скверлер кирет.
1 / 2

27-апрель күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты оңдоп-түзөө иштери үчүн жабыла турганын калаа мэриясы билдирген

2 / 2

Аянттын аймагындагы коомдук жайлар убактылуу жабылат. Анын ичине тротуарлар менен скверлер кирет

Муниципалитет Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бийиктиги 100 метрди (учурда 45) түзгөн жаңы флагшток орнотууну пландоодо.
Чектөөлөр 31-августка чейин күчүндө болот.
Каралбай калган! "Ала-Тоо" аянтындагы жер төлөнүн азыркы абалы. Сүрөт