Кыргызстанда добуш берүүдө биринчи ирет электрондук паспорт пайдаланылууда

Бул үчүн шайлоочулар "Түндүк" тиркемесин колдонушат. Жарандардын паспорту электрондук документ форматында системага жүктөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Биринчи жолу жарандар шайлоо тилкелеринде идентификациядан өтүү үчүн электрондук паспортторду колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Бул үчүн шайлоочулар "Түндүк" тиркемесин пайдаланышат. Жарандардын паспорту электрондук документ форматында системага жүктөлгөн. Аны шайлоодо колдонуу ыкмасы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын БШК менен кызматташуусунун негизинде идентификациялоо программасына киргизилген.
Эске салсак, бүгүн Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнө мурда шайлоо өтүүдө.
Радио
"Түндүк" порталында 150дөн ашык кызмат көрсөтүлүп жатат