Кытайда муштумдай мөндүр жаап, куюн болуп, кишилер көз жумду. Видео

Гуанчжоу аймагында катуу куюн болуп, жолундагылардын көбүн асманга алып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кытайдын Гуандун провинциясындагы Гуанчжоу шаарында диаметри 5 саниметрге жеткен мөндүр жааган. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме кылып жазды.
"27-апрелде түштүн кийин Гуанчжоуда катуу куюн болуп, диаметри 5 сантиметрден да чоңураак мөндүр түштү", — деп айтылат маалыматта.
Кытайдагы Weibo социалдык тармагындагы видеолорго көз чаптырсак, катуу жамгыр коштогон мөндүрдү көрүүгө болот.
Өлкөнүн башка телеканалы куюндан беш киши каза таап, 33ү жабыркаганын билдирди.
Жаратылыштын бул кубулушу аталган аймактагы Байюнь районундагы төрт айылдын тымтыракайын чыгарып, куткаруучулардын, медиктердин, өрт өчүрүүчүлөрдүн, коомдук коопсуздук кызматкерлери менен транспорт полициясынын түйшүгү арбыган. 140тан ашык фабрика, заводдордун имаратына да анын кесепети тийген.
Жер титирөөдөн жабыркаган Кахраманмарашта куюн жүрүп, 1 киши каза тапты. Видео