Кыргызстандын футзал боюнча командасы дүйнө чемпионатына катышпай калды

Чечүүчү беттеште команда афганстандык атаандаштарынан жеңилди.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы дүйнө чемпионтына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду. Чечүүчү беттеште команда афганстандык атаандаштарына 5:3 эсебинде жеңилип калды.
Кыргызстандык курама команда Таиланддагы Азия кубогуна катышып, жарым финалда оюндан четтетилди.
1 / 2

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы дүйнө чемпионтына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду

2 / 2

Чечүүчү беттеште команда афганстандык атаандаштарына 5:3 эсебинде жеңилип калды

Регламентке ылайык, жарым финалга чыккандар дүйнө чемпионатына жолдомо алышкан, бирок Өзбекстандын атынан чыккан жарым финалчылар сентябрда дүйнө чемпиондугуна катышмай болуп, дагы бир оюн өткөрүлгөн. Турнирдин кожоюну автоматтык түрдө дүйнө чемпионатына барат.
Эки күн мурунку беттеште кыргызстандык футболчулар Вььетнамдын курамасын жеңген болчу, бирок бүгүн утулду. Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатында бир да жолу ойной элек. Ал эми бүгүн жеңишке ээ болгон Афганстандын спортчулары дүйнө биринчилигине алгачкы жолу катышат.
Кыргыз футбол курамасы FIFA рейтингинде кайрадан ТОП-100гө кирди