29-апрелге карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. 29-апрель, дүйшөмбүдө, айрым жерлерде жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасы 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көлдө +13...+18, Нарын өрөөнүндө +14...+19 градус болот.
Синоптиктер борбор калаада термометр +17...+19, ал эми Ош шаарында +19...+21 градусту көрсөтөрүн айтышты.
Кар жаайт. Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайынын божомолу