Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украиндер же согушсун, же токтотсун. Француз генералынын кескин билдирүүсү

Аскер кызматкери Украинанын калкты мобилизациялоо чараларын "тандалмалуу" деп атап, өлкөдө 18 жаштан 25 жашка чейинки эркектер аскерге чакырылбай жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Украина Батыштан жардам келбей жатканына нааразы боло бербей, көбүрөөк адамды аскерге тартуусу керек. Болбосо согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүлөргө өтүшү зарыл. Бул тууралуу LCI телеканалына француз генералы Доминик Тренкан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украина курал, акча жетпей жатканын айтып Батышты көп сындайт. Батыш өлкөлөрү, атап айтканда, АКШ курал-жарак менен камсыздоодо, бирок маселе аскерлерде. Аларды Украина камсыздашы керек", — деген генерал.
Ал Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышында Франция менен азыркы Украинаны салыштырып, 1914-жылы калкы украиндердей эле болгон француздар төрт миллион кишини фронтко аттантса, Киев 300 миңдей адамды аскерге чакырганын айткан.
Ал өлкөнүн калкты мобилизациялоо чараларын "тандалмалуу" деп атап, өлкөдө 18 жаштан 25 жашка чейинки эркектер аскерге чакырылбай жатканын белгилеген.
"Европанын жардамы жетишсиз дегенди көп угам. Украиндер күнөөлөөнү токтотуп, согушушу керек. Болбосо Донбаста адамдарды жоготпойбуз, согушту токтотуп, сүйлөшүүлөрдү улантабыз деген чечимди кабыл алышы керек. Бирок муну биз эмес, украиндер чечиши керек", — деп сөзүн жыйынтыктады генерал.
16-апрелде Владимир Зеленский Украинада мобилизацияны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койгон. Ал 18-майда күчүнө кирет. Мыйзам долбоорунда аскер кызматына милдеттүүлөр аскердик билетти дайыма жанында алып жүрүп, аны аскер комиссариатынын кызматкерлеринин жана ички иштер органдарынын биринчи талабы боюнча көрсөтүшү керек. Аскерден качкандар унаа айдоо укугунан ажыратылышы мүмкүн. Демобилизациянын шарттары документте көрсөтүлгөн эмес. Бир катар депутаттардын нааразычылыгын жараткан бул норма документтен алып салынды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина АКШ берген Abrams танкаларын колдоно албай жатат. Себеби