Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагондун башчысы РФ аскер өнөр жайынын артыкчылыгын түшүндүрүп берди

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Пентагондун жетекчиси Ллойд Остин Россиянын аскер өнөр жайы мамлекеттик көзөмөл алдында болгону үчүн Батыштыкынан артыкчылык кыларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Остинге журналисттер суроо берип, Россия эмнеден улам "аскер машинасын" "тез арада жолго коюп алганына" кызыккан.
"Алардын аскер өнөр жайынын баары мамлекет алдында жооп берет. Көп нерсени тез арада жасай коюу аларга бир топ жеңил", — деген Пентагондун жетекчиси.
Остиндин айтымында, ийгиликке Россиянын Иран менен Түндүк Кореядан алган жардамы да себепкер.
"Мунсуз алар мынчалык жакшы позицияда боло алмак эмес", — деди ал.
Анткен менен Россия Иран менен Түндүк Кореядан курал-жарак жана ок-дары сатып алды деп кепти төгүндөп келет. АКШ да россиялык аскер өнөр жайына зарыл болгон маанилүү материалдар менен камсыздайт деп Кытайга кине коюп, кызматташуу токтотулбаса санкциялар кирерин айтууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи: АКШнын ATACMS Россияга каршы колдонулбайт дегени калп