Кыргызстандан Кытайга кайсы товарлар кантип экспорттолот? Жол-жобосу

Продукциянын түрүнө жараша Кытай тараптын талаптары ар түрдүү экендиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстандан Кытайга эскпорттоло турган айыл чарба продукцияларын тизмектеди.
Алар:
буудай уну;
алча;
коон;
жүгөрү;
жүзүм;
буурчак.
Мындан тышкары, Кытай рыногуна башка айыл чарба продукциясын чыгаруу үчүн аталган өлкөнүн Башкы бажы башкармалыгынын CIFER сайтына катталуу керек. Ошондо экспортко чыгарууга уруксат берилет. Катталуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:
департаменттин атына арыз (өтүнмө);
логин, сыр сөз ачуу;
логин, сыр сөз менен керектүү документтерди киргизүү.
Кытай тарап уруксат бергенден кийин экспортко чыгара алат.
Бүгүнкү күндө Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын сайтында Кыргызстандын алча өстүргөн 42, коон өстүргөн 10 жана жер-жемиш сактоочу 12 жайы реестрге киргизилген.
"Эскерте кетчү нерсе, продукциялардын тобокелдигине жараша Кытай тараптын талаптары ар түрдүү. Өсүмдүктүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу менен бирге биринчи экспортко чыгарып жаткан өндүрүүчүлөрдүн продукциясына Кытай комплекстүү текшерүү жүргүзөт", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Мындан тышкары, Кытайга мал чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, сатуу менен алектенген Кыргызстандын 26 ишканасы экспорттоого укуктуу:
сүт азыктарын өндүрүү боюнча –13 ишкана;
балчылык боюнча –11 ишкана;
терини кайра иштетүү боюнча – 1 ишкана.
Министрлик белгилегендей, Кыргыз Республикасынан мал чарба продукциясын Кытайга экспорттоо үчүн уруксат берүүчү документтер керектелет.
Аймактарда өстүрүүгө сунушталган мөмө-жемиштин түрлөрү кайсылар — Багбандарга кеңеш