Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтор Баткенде жолугушту

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтө турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. 21-апрелден 27-апрелге чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасынын чечиле элек аймактары боюнча сүйлөшүү жүрүп, бул ишти Тажикстандын аймагында өтчү жолугушууда улантуу чечилди.
Жолугушуу достукта жана өз ара түшүнүшүүдө өткөнү кошумчаланды.
Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара башчылары Гулистандан билдирүү жасашты