Караколдо соода комплекси жана базар ээлеринин алдамчылыгы аныкталды

Шектүүлөр соода түйүндөрүн жана дүкөндөрдү сатып, бирок документтеринин ордуна ишкерлер менен 10 жылдык мөөнөткө ижара келишимин түзүшкөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Караколдогу "Мега молл", "Ордо" соода комплекстеринин жана "Ак-Тилек+" базарынын бир бөлүгүнүн ээлери тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 3

Караколдогу "Мега молл", "Ордо" соода комплекстеринин жана "Ак-Тилек+" базарынын бир бөлүгүнүн ээлери тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды

2 / 3

Маалыматка ылайык, алар соода түйүндөрдү жана дүкөндөрдү техникалык паспорт бербестен сатышкан

3 / 3

Ал эми коммерциялык объектилерге укук белгилөөчү документтердин ордуна ишкерлер менен 10 жылдык мөөнөткө ижара келишими түзүлгөн

Маалыматка ылайык, алар соода түйүндөрүн жана дүкөндөрдү техникалык паспорт бербестен сатышкан. Ал эми коммерциялык объектилерге укук белгилөөчү документтердин ордуна ишкерлер менен 10 жылдык мөөнөткө ижара келишими түзүлгөн.

“Ишкерлер сатып алган жайларды өз эсебинен оңдоп-түздөп, ай сайын 2 500 сомдон 15 000 сомго чейин ижара акысын төлөөгө аргасыз болушкан”, — деп.

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча иш козголуп, "Ордо" жана "Мега молл" соода комплекстеринин ээлери О.А.Э. менен О.Э.А. тинтүүгө алынып, алардын алдамчылык аракеттерин тастыктаган документтер табылган.
Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, О.А.Э. кармалып Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө уланууда.
Бишкекте көмүскө казино аныкталып, чет элдик ээси кармалды. Видео