Бишкекте үч күн арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкекте үч күн бою арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ведомство 30-апрель жана 1, 2-май күндөрү Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте "Жаз — 2024" жарманкесин уюштурууда. Анда эт, балык, сүт, май, бал, колбаса, сыр, жумуртка, картошка, жашылча-жемиш, шекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатып алууга болору белгиленди.
"Шаардын жашоочуларын социалдык маанилүү тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти менен камсыз кылуу максатында продукция ортомчусу жок түз жарманкеге коюлат. Демек, товарлардын баары дүң баада болот", — деп жазылган маалыматта.
Жарманке Разаков көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде өтөрү кошумчаланды.
Таласта төө буурчактын жаңы сорту айдалмай болду