БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бүгүн, 27-апрелден тарта, Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты оңдоп-түзөө иштери үчүн жабыла турганын калаа мэриясы билдирди.
Маалыматта жумуш убагында Ардак кароол алына турганы айтылат.
"Аянттын борбордук бөлүгүндөгү, батыш жана чыгыш тарабындагы фонтанга келген суу түтүктөрүн жаңылоо, фонтандын сырткы конструкциясын өзгөртүү мерчемделүүдө. Архитектура жана шаар куруу эстелиги болуп саналган "Ала-Тоо" аянтынын азыркы композициясы "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы даярдаган жаңы концепциянын өзөгүн түздү. Аталган ишкана 100 метрлик желек саптын долбоорун да иштеп чыкты. Учурдагысы 45 метрди түзөт", — деп жазылган билдирүүдө.
Мэрия курулуш жумуштары маалында унаалар үчүн жол жабылбай турганын, эс алуу жайлары гана иштебей каларын белгиледи. Оңдоп-түзөө иштери канчага созулары айтылган эмес.