Бишкекте калаа күнүнө карата веложүрүш өтөт

Веложүрүшкө байланыштуу белгилүү убакытка борбор калаанын айрым көчөлөрү жабылат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын күнүнө карата 28-апрелде велосезондун ачылышы болот. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Иш-чара саат 10:00дө Кыргызстан – Азербайжан достук паркында башталып, Уркуя Салиева атындагы скверде аяктайт. Каттоо саат 09:00дөн 9:30га чейин болмокчу.
Мындан тышкары, иш-чара концерттик программа менен коштолот.
Спорттук жүрүш Бишкек шаарынын мэриясы "Вело friends позитив kg" коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурууда.
Буга байланыштуу жол Байтик баатыр жана анын уландысы Жусуп Абдрахманов көчөсү Кыргызстан – Азербайжан сейил багынан Чүй проспектине чейин жабылат.
Санкт-Петербургдан Кыргызстанга "Жеңиш жолдору менен" мотожүрүшү башталды