Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина АКШ берген Abrams танкаларын колдоно албай жатат. Себеби

Жаңы тактика иштелип чыкмайынча аскер машиналары согуш талаасына алып келинбей турган болду.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Украина АКШнын талабы менен Abrams танкаларын фронт линиясынан алып кетүүдө. Буга россиялык дрондор себеп экенин Associated Press жазды.
Макалада машиналар арзан эле россиялык учкучсуз учуучу аппараттарга туруштук бере албаганы айтылат. Дрондор аларды тез эле аныктап коюуда. Штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасынын орун басары, адмирал Кристофер Грейдинин билдиргенине караганда, Украина Куралдуу күчтөрүнө берилген 41 Abrams танкаларынын бешөө жок кылынган.
"Украиналык өнөктөштөрүбүз менен чогуу иштеп, өзгөрүп кеткен кырдаалда берилген техниканы кандайча керектей турганыбызды аныктайбыз", — деген аткаминер.
Буга чейин The New York Times гезитинин журналисттери да Россиянын арзан эле дрондору Батыштын кымбат танкаларына караганда кыйла эффективдүү экенине көңүл бурушкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Москвада атайын операцияда олжолонгон техникалардын көргөзмөсү ачылат. Видео