УКМК: Бишкектеги кампанын биринде 4 тоннадан ашкан апийим куурайы аныкталды

Экспертиза апийим куурайы 350 килограммга жакын кодеин жана морфин баңгизат, психотроптук каражаттарын камтыганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкектеги кампалардын биринде төрт тоннадан ашкан апийим куурайы аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баңгизаттарды чет өлкөлөргө ташыган канал уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Алар көмүскө кирешелерди адалдоо менен алектенгени айтылды.
1 / 3

Бишкектеги кампалардын биринде төрт тоннадан ашкан апийим куурайы аныкталган

2 / 3

Маалыматка ылайык, баңгизаттарды чет өлкөлөргө ташыган канал уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган

3 / 3

Алар көмүскө кирешелерди адалдоо менен алектенгени айтылды

"Бишкектеги кампалардын биринен төрт тоннадан ашкан апийим куурайы аныкталган. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы апийим куурайы 350 килограммга жакын кодеин жана морфин баңгизат, психотроптук каражаттарын камтыганын көргөзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча "Бажы чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү" жана "Сатуу максатында баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында А.Ф.К. жана А.А.К. аттуу кыргыз жарандары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.
Чүй облусунда шектүүнүн жанынан 12 млн. сомдук мефедрон чыккан