БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. АКШ Украиндагы жаңжалды жаратып, эми атайылап создуктуруп жатат. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жыйынында билдирди.
Аталган жолугушуу Астанада өтүүдө. Ага Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана ардактуу конок катары чакырылган Беларустун коргоо ведомстволорунун жетекчилери жана делегациялар катышууда. Иш-чараны Казакстандын коргоо министри Руслан Жакшылыков ачты.
Жолугушууда Шойгу сөз сүйлөп, ШКУнун түзүлүшү жана өнүгүшү аймактагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого маанилүү салым кошуп жатканын белгиледи.
"Белгилеп кетким келет, биз эмес, алар бизге, биздин чек арага келишкен. Бул батыштагыларга ишенүүгө болбосун дагы бир жолу көрсөтүүдө", — деди Шойгу.
Анын айтымында, "эгер Россия Украинада токтотулбаса, НАТО өлкөлөрүнө чабуул жасайт" деген билдирүүлөр негизсиз. Ал Россия НАТОго коркунуч жаратпаганын жана блоктун мамлекеттерине кол салууга геосаясий да, аскердик да кызыкчылыгы жок экенин айтты.
"Биз тарыхый аймактарыбыздагы адамдарыбызды коргоп, дүйнөдө стратегиялык туруктуулукту жана күчтөрдүн тең салмактуулугун сактоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап келебиз. Тескерисинче, АКШ Украинадагы жаңжалды жаратып, эми атайылап создуктуруп жатат", — деди ал.