Салык кызматы декларацияны күнүгө түн жарымга чейин кабыл ала баштады

Салык органдары беш күн саат 09:00дөн саат 00:00гө чейин иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Салык органдары декларация кабыл алуу үчүн 25-апрелден тартып түнгө чейин иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган органдын кызматкерлери декларацияларды күн сайын (дем алышсыз) саат 09:00дөн саат 00:00гө чейин кабыл алат. Мекеме жеке жактар декларацияны онлайн-режимде "салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу же кагаз түрүндө жергиликтүү салык органына барып тапшырса болорун белгилеген. Жеке ишкерлер электрондук түрдө гана бериши керек.
Мамлекеттик салык кызматы 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү экендигин эскертти:
жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан-ферма чарбалар;
мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жактар.
1-майга чейин. Салык кызматы декларацияны өз убагында тапшырууну эскертти