Сокулукта окуучу кызды сүзүп качкан BMW автоунаасынын айдоочусу кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Сокулук районунда окуучу кызды сүзүп качып кеткен BMW үлгүсүндөгү автокөлүктүн айдоочусу кармалганын Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Ведомстводон автоунаа айып короого коюлганын маалымдашты.

"Кырсык кечээ саат 12:18де Селекция айылында болгон. Бардык чогулган материалдар Сокулук РИИБине өткөрүлдү. Кыз ооруканага кайрылган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Чүй облусунда BMW автоунаасынын айдоочусу жолдун четинде бара жаткан окуучу кызды сүзүп, качып кеткен видео социалдык тармактарга тараган.
Ноокенде жол кырсыктан көз жумган аялдын туугандары тергөөчүгө кол салды. Видео