Кытай инвесторлору Нарында унаа чогулткан завод курууну пландоодо

Кытайлык ишкерлер менен облус жетекчилигинин ортосунда тиешелүү меморандумга кол коюлганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Нарында унаа чогулта турган завод куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Нарында унаа чогулта турган завод куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

2 / 3

Ага ылайык, кытайлык инвесторлор менен облус жетекчилигинин ортосунда тиешелүү меморандумга кол коюлган

3 / 3

Ошондой эле инвесторлор жолугушууда Кытайдагы үч заводдон чыгып жаткан автоунаа үлгүлөрүн көрсөтүшкөнү кошумчаланды

Ага ылайык, кытайлык инвесторлор менен облус жетекчилигинин ортосунда тиешелүү меморандумга кол коюлган.

"Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунан завод курууга ылайыктуу жер аныкталса курулуш башталат. Ал Кыргызстандын бренди, белгилери менен ар түрдүү (бензин, электр энергиясы, газ менен жүргөн) автоунааларды курап баштайт. Жергиликтүү элге 100дөн 1000ге чейин жумуш орун түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле инвесторлор жолугушууда Кытайдагы үч заводдон чыгып жаткан автоунаа үлгүлөрүн көрсөтүшкөнү кошумчаланды.
Министрлик Нарында өнөр жайда колдонулчу кара куурай өстүрүүнү сунуштоодо