Мамдуманын депутаттары КРСУну колдоого даяр

Университеттин ректору Денис Фомин-Нилов россиялык эл өкүлдөрүнө ЖОЖдун тарыхы, жетишкендиктери жана пландар тууралуу айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. КРСУда Россиянын Мамлекеттик Думасынын, Федерация Кеңешинин депутаттары менен жолугушуу болгонун аталган окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.
Университеттин ректору Денис Фомин-Нилов ЖОЖдун тарыхы, жетишкендиктери жана пландар тууралуу айтып берди.

"30 жылдын ичинде окуу жайды 30 миңден ашуун студент бүтүрдү. Ал эми кызматкерлердин саны 1 миң 793 адамды түзөт. Университетибиз жаңы муундун ЖОЖу болуп, 4.0 билим берүү концепциясын ишке ашырууга багытталган. Бул илимди, бизнести, билим берүүнү интеграциялоо гана эмес коомдук миссияны ишке ашырып, санарип компонентти да киргизиши керек", — деди Фомин-Нилов.

Мамдуманын депутаты Дмитрий Кобылкин КРСУга мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал билим берүүнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жардам берүү биргелешкен күч-аракетти талап кылган маанилүү милдет экендигин баса белгиледи.
Федералдык жыйындын комитетинин төрагасынын орун басары Фарит Мухаметшин орус тилин колдоонун маанилүүлүгүнө токтолгон. Ал Кыргызстанда тогуз орус мектеби курулуп жатканын, ал эми КРСУда орус тил мугалимдерин даярдоо башталарын эске салды.
"Биз — бир бүтүндүкпүз". КРСУда өткөн гала-концерттин видеосу