Өлкөдө көп балалуу үй-бүлө түшүнүгүн киргизүү сунушталууда

Коңшу өлкөлөрдө төрттөн ашык балалуулар көп балалуу эсептелери белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Өлкөдө көп балалуу үй-бүлө түшүнүгүн киргизүү сунушталууда, ага төрт жана андан көп балалуулар кирет. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков демилгеледи.
Салыштырма таблицада көрсөтүлгөндөй, азыркы мыйзамда көп балалуу эне түшүнүгү — беш же андан ашык уул-кызды төрөп, тарбиялагандар.
"Бул түшүнүктү киргизүү көп балалуу үй-бүлөлөргө министрлер кабинети аныктаган тартипте кошумча социалдык жеңилдиктерди алууга мүмкүнчүлүк берет", — деп жазылган анын негиздемесинде.
Ошондой эле Казакстан, Өзбекстанда бул категорияга төрттөн ашык балалуулар (соцкепилдиктер берилет), Россияда регионго жараша үчтөн ашык чүрпөсү барлар кирери белгиленген.
Министрлик өкмөттөн акча алып ишкерлик кылчуларга каржы сабаттуулугун үйрөтүүдө