Радио

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасын төмөндөтүү көмүскөдөн чыгууга жардам берет

Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков ишкердик субъектилер үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү максатында бир топ өзгөрүүлөр болорун айтты.
Sputnik
Экономика министрлиги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифин 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуш кылды. Мындай кадам ишкерлерге бир топ жеңилдиктерди берип, экономиканын көмүскө үлүшүн азайтарын Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сунушталган мыйзам долбоорунда эми камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы иш берүүчү үчүн 2,25 пайызды, кызматкер үчүн 10 пайызды түзөт.

"Экономика жана коммерциялык министрлиги "Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун иштеп чыкты. Бизнес үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү, активдүүлүгүнө дем берүү, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн көбөйтүү жана каржылык оорчулукту жеңилдетүү жана экономиканын көмүскө үлүшүн азайтууга багытталат. Министрлик камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифин 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуш кылды. Мыйзам долбоорунда эми камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы иш берүүчү үчүн 2,25 пайыз, кызматкер үчүн 10 пайызды түзөт", — деди Ысабеков.

Ошондой эле адис камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу Салык кызматына тапшырылып, бир катар салык инструменттери колдонулуп жакшы көрсөткүчтөр болуп жатканын кошумчалады.