Кыргызстанда банктык аманаттарды улуттук валютада сактоо ыңгайлуу. Пайыздык чени жогору болгондуктан бул аракет кирешелүү болорун Кадырбек Букуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү банктарда сом менен салынган депозиттердин пайыздык чени жылына 19 пайызга жетсе, чет элдик валютада орточо 5-6 пайызды түзөт.
"Акыркы мезгилде өлкөдө акчасын банктарда сактагандардын саны көбөйдү. Буга банк секторунун туруктуулугу жана депозиттерди кепилдөөнүн суммасынын жогорулаганына байланыштуу. Ушул жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча, банктарга салынган депозиттердин жалпы көлөмү 475,4 миллиард сомго жетти. Көп учурда жарандар бизден акчаны кайсы валютада сактоо туура деп сурашат. Кыргызстанда банктык аманаттарды улуттук валютада сактоо ыңгайлуу. Анткени пайыздык чени жогору болгондуктан кирешелүү болот. Алсак, өлкөдөгү банктарда сом менен салынган депозиттердин пайыздык чени жылына 19 пайызга жетсе, чет элдик валютада орточо 5-6 пайызды түзөт. Бүгүнкү дүйнөдөгү финансылык туруксуздукту эске алганда, сом менен салынган акча коопсуз", — деди Букуев.
Ошондой эле адис өлкөдөгү финансылык туруктуулукту эске алып чет өлкөлүктөр инвестиция салууга умтулуп жатышканын кошумчалады.