Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатканын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен билдиришти.
Ачылышка эки өлкөнүн маданият министрлери, интеллигенция өкүлдөрү, Кыргызстан менен Азербайжандын маданият жана искусство чеберлери, Баку шаарында жашаган мекендештер катышты.
1 / 6

Азербайжандагы Кыргызстандын маданият күндөрү

2 / 6

Азербайжандагы Кыргызстандын маданият күндөрү

3 / 6

Азербайжандагы Кыргызстандын маданият күндөрү

4 / 6

Азербайжандагы Кыргызстандын маданият күндөрү

5 / 6

Азербайжандагы Кыргызстандын маданият күндөрү

6 / 6

Азербайжандагы Кыргызстандын маданият күндөрү

Маданият күндөрүндө "Манас" улуттук театрынын төкмө акындары, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери, Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестр, Нурдин Түгөлов атындагы Кыргыз мамлекеттик "Ак Марал" бий ансамбли, Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын өкүлдөрү, "Мурас" фольклордук- этнографиялык ансамбли концерттик программасын тартуулашат.
Эске салсак, кечээ президет Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган расмий сапары аяктады.
Азербайжан кыргызстандык студенттерге квота бөлөт