Апаат оту жанган Чернобыль. Бүгүн курмандыктарды эскерүү күнү

Станцияда иштегендер менен өрт өчүрүүчүлөр зыяндуу нурга кабылышкан. Мунун кесепетинен бир жылдын ичинде 28 адам көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүндө 26-апрелде Радиациялык кырсыктар менен апааттардын курмандыктарын эскерүү күнүн белгилешет.
1986-жылы 26-апрелде Чернобыль АЭСинде пландалган токтотуу учурунда төртүнчү энергоблоктогу РБМК-1000 реакторунда жарылуу болгон. Авария учурунда эки киши каза тапкан. Радиоактивдүү материалдардын абага таралышынан станцияда иштегендер менен өрт өчүрүүчүлөрдөн 600гө чукул киши зыяндуу нурга кабылып, бир жылдын ичинде 28и көз жумган.
Бул дүйнөнүн атом энергетикасындагы эң кайгылуу окуя болуп калды. Анын кесепетин жоюуга 600 миңге чукул адам катышкан. Радиоактивдүү чаң СССРдин аймагынын 200 миң чарчы чакырымга чукул жерин каптаган.
Азыркы Беларустун мындай жеринде эл жашаган 2000 жай бар, анда 930 миңге жакын киши жашайт.
ЧАЭС — кырсыктуу жерге саякаттоону каалаган туристтерди кызыктырган жайлардын бири. Ал жакка мыйзамсыз баруунун жолун тапкандар да чыккан, бирок Украина бийлиги 2010-жылдан тарта туристтерди расмий алып барып турат.
Кесепеттүү Чернобыль АЭСи туристтер үчүн ачылды