ЕАЭБ алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү талкууланды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. ЕАЭБдин алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү талкууланганын ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Уюмдун отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүүнүн келечегине арналган тегерек столдо декарбонизациялоо жана союзга мүчө өлкөлөрдүн экономикасынын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралган.
"Талкуунун жүрүшүндө евразиялык "бештик" өлкөлөрдүн отун-энергетикалык комплексин аз көмүртектүү кылып өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү стимулдаштыруу механизми катары жашыл сертификаттарды берүү маселелери жана башка өңүттөрү каралды", — деп айтылат маалыматта.
Тегерек столдун жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынып, анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө өз ара кызматташууну кеңейтүү зарылчылыгы баса белгиленген.
ЕАЭБ министрлери биримдиктин жалпы энергорыногун түзүүнү талкуулашты