Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Украиналыктарды артка кайтарабыз". Варшава Киевге жардамдашарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Варшава Киев бийлигине аскерге жарактуу украиналыктарды кайтарууга жардамдашууга убада берерин Польшанын коргоо министри Косиняк-Камыш айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Азыр польшалыктар кафелердеги, мейманканалардагы аскерге жарамдуу жаштарды көргөндө Украинага жардам кылуу үчүн канча күч жумшагандыгын айтып нааразы болгондорун угууга болот", — деген ал.
Анткен менен Косиняк-Камыш Киевге бул маселеде жардамды кандай кыларын тактаган жок.
Эске салсак, Украина ТИМи 18 жаштан 60 жашка чейинки аскер курагындагы эркектерге чет өлкөдө бардык консулдук иштерди жасоого, кызмат көрсөтүүгө чек койгон. Киев бийлиги муну мобилизация боюнча көйгөйлөрдү чечүү үчүн жасап жатат.
Чек ара кызматынын Батыш башкармалыгынын өкүлү Игорь Матвийчук Украинадан жыл сайын аскерге жарамдуу курактагы алты миңдей киши чыгып кетип жатканын 2023-жылдын декабрында айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Украиналыктарга шуру да тийген жок". Захарованын Киевдин жаңы кадамына пикири