Россиянын депутаттары Өчпөс отко гүлчамбар койду

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россиянын Федералдык жыйынынын делегациясы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим этип, Бишкектеги "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар койду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Россиянын Федералдык жыйынынын делегациясы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим этип, Бишкектеги "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар койду

2 / 3

Мамлекеттик Думанын Экология, жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы Дмитрий Кобылкин жетектеген делегация 26-апрелде өтө турган Парламенттер аралык комиссиянын Х жыйынына катышуу үчүн келген

3 / 3

Ошондой эле иш сапардын алкагында эки өлкөнүн парламентарийлеринин бир катар жолугушуулары пландалганы кошумчаланды

Мамлекеттик Думанын Экология, жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы Дмитрий Кобылкин жетектеген делегация 26-апрелде өтө турган Парламенттер аралык комиссиянын Х жыйынына катышуу үчүн келген.
Ошондой эле иш сапардын алкагында эки өлкөнүн парламентарийлеринин бир катар жолугушуулары пландалганы кошумчаланды.
Россияга жөнөтүлгөн Кыргызстандын 350 тонна жардамы Оренбургга жетти. Видео