Президент жол кыймылы жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров электромобилдерге жашыл номер, ал эми анын ээлерине жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзамга кол койду.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы алар "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү документтер экенин билдирди.
Анда электр кыймылдаткыч менен жүргөн транспорт каражаттарын пайдаланууда жеңилдиктерди берүү жана аларды заряддоо инфраструктурасын түзүү каралган. Ошондой эле мамлекеттик каттоодо электромобилдерге атайын жашыл мамлекеттик каттоо белгилерин берүү киргизилген.
Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 14-мартта кабыл алынып, төмөнкү жеңилдиктер боюнча айтылган эле:
автоунааны каттоо акысын, салыгын төмөндөтүү;
жол эрежесин бузууга салынган айыпты 50 пайызга кыскартуу;
машинанын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксат алуу акысын арзандатуу;
автоунаа токтотуучу жайларды арзандатуу жана башка бонустар каралган.
Электросамокат айдоо эрежесин жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды