Окуучулардын, студенттердин 70 пайызы орус тилин жетиштүү билет. Сурамжылоо

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Өлкөдөгү мектептерде жана жогорку окуу жайларда жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында респонденттердин 70 пайызга жакыны орус тилин жетиштүү деңгээлде билери аныкталганын Кыргыз-Россия Славян университетинен билдиришти.
1 / 3

КРСУнун Орус тил институтунун кызматкерлери 16-апрелден 20-апрелге чейин Кыргызстандын бир катар аймактарында сурамжылоо жүргүзгөн

2 / 3

Алар жергиликтүү тургундардын орус тилине болгон мамилесин, кош тилдүүлүктүн деңгээлин жана орус тилдүү билимге болгон кызыгуусун изилдешкен

3 / 3

Изилдөөчүлөр кош тилдүү билим берүү менен байланышкан жаңы адистиктердин популярдуулугун белгилешти

КРСУнун Орус тил институтунун кызматкерлери 16-апрелден 20-апрелге чейин Кыргызстандын бир катар аймактарында сурамжылоо жүргүзгөн. Алар жергиликтүү тургундардын орус тилине болгон мамилесин, кош тилдүүлүктүн деңгээлин жана орус тилдүү билимге болгон кызыгуусун изилдешкен.
"Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы орто мектептердегилер орус тилин үйрөнүүгө дилгир, анда окуучулардын 80 пайыздан ашыгы орусча билим алууга кызыгуусун билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Изилдөөчүлөр кош тилдүү билим берүү менен байланышкан жаңы адистиктердин популярдуулугун белгилешти. Алынган маалыматтар илимий эмгектерди жана окуу китебин жазуу үчүн колдонулат.
"Биз — бир бүтүндүкпүз". КРСУда өткөн гала-концерттин видеосу