НАТО машыгуулары орустарга каршы экени ачык айтыла баштады

Ресурстун маалыматына караганда, НАТОнун жазындагы машыгуулары кансыз согуштан берки эң масштабдуу иш-чаралардан болуп калат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. НАТОнун аскердик машыгуулары быйылкы жазда Европада негизинен Россияга каршы өткөрүлөт. Бул туурасында АКШнын Европадагы кургактагы аскерлерин жетектеген генерал Дэррил Уильямстын айтканын Sputnik Ближнее зарубежье New York Times басылмасына шилтеме кылып жазды.
Ресурстун маалыматына караганда, НАТОнун жазындагы машыгуулары кансыз согуштан берки эң масштабдуу иш-чаралардан болуп калат. Басылма Уильямс былтыр каршылаштын аты аталбай, ойдон чыгарылган тарап болгон деп түшүндүргөнүн жазды.
"Быйыл негизинен орустарга каршы машыгууларды өткөрөбүз. Биз потенциалдуу каршылаш менен күрөшөбүз", — деген генерал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россия НАТО менен согушууну каалабайт