Маморгандардын иши каралып, баа коюлду. Кайсы мекеме канча алды?

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Президенттик администрациянын коллегиясында министрлер кабинетинин өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы каралды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы министрлер кабинети 554 иш-чараны пландаса, анын ичинен жетөө 2024-жылга жылдырылды. Калган 547 иш-чаранын ичинен 430у (79%) аткарылып, 117си (21%) ишке ашпай калган.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 16 мамлекеттик орган — "эң жакшы", 15и — "жакшы", бирөө — "канааттандырарлык" жана бирөө "канааттандырарлык эмес" деген баа алган.
"Ички иштер министрлиги, Улуттук статистика комитети, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик "эң жакшы" деген баа алган мамлекеттик органдардын үчилтигине кирди. "Жакшы" деген баа алган мамлекеттик органдардын ичинен биринчи үч орунду Саламаттык сактоо министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Экономика жана коммерция министрлиги ээледи", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Коргоо министрлигине "канааттандырарлык", Улуттук инвестиция агенттигине "канааттандырарлык эмес" деген баа берилгени кошумчаланды.
Акылбек Жапаров бир катар министрлерди жазалады