Ошто жумуш издеп жүргөндөр үчүн жарманке өтөт. Убакыт-сааты

Иш-чарага катышкандар ар тармактагы 500дөн ашуун жумуш орундары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ош мэриясы жумуш издеп жүргөндөрдү "Бош иш орундар жана кесиптер жарманкесине" чакырат.
Анда Ош шаарындагы 40тан ашуун ишканалар өздөрүндөгү жумуштарды сунушташат. Жарманкеге катышкандар ар тармактагы 500дөн ашуун бош орундар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Шаар мэриясы жарманке 30-апрелде саат 09:00дөн 13:00гө чейин Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтөрүн билдирди.
Радио
Таштандыны кайра иштетүү колго алынса иш орундары көбөйөрү айтылды