БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Мас абалында унаа башкарып, бейбаштык аракеттерге барган деп милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерине каршылык көрсөтүп, анын дене боюна залака келтирген факт боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
"19-апрелде Бишкек шаарынын Горький жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Токтоткондор унаанын ичиндеги милиция кызматкерлери С.И жана Э.К. мас болуп айдап жаткандыгынан шек санап, текшерүү үчүн Республикалык психиатрия жана наркология борборуна жеткирилген. Бирок шектүүлөр медициналык күбөлөндүрүүдөн баш тартып, ИИМдин А.Ж. аттуу кызматкерин таш менен башка чапкан", — деп жазылат маалыматта.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына тапшырылганы кошумчаланды.