БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Сутка ичинде доллар, алтын куймалар арзандап, бензин менен дизель майы мурдагы баада калды.
Сатып алгандагы орточо курс 2 тыйынга, ал эми саткандагысы 7 тыйынга ылдыйлаган.
Курс 89,4 жана 89,7 сомдун ортосунда болууда (кечээ эртең менен 89,5 - 89,7 сом эле). Евро 4-5 тыйынга арзандады, ал эми россиялык акча 0,5 тыйынга көтөрүлдү.
Күйүүчү май кымбаттаган да, арзандаган да эмес.