Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты мандатын тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев мандатынан ажырады. Тиешелүү маселе БШКнын 25-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, Сарбагышевдин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулган. Анын күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Сарбагышев 2021-жылы № 36 Ысык-Көл шайлоо округунан шайланып келген. Мыйзам боюнча, эки ай ичинде аталган аймакта кайра шайлоо өтүшү керек.
Жусупбек Коргонбай уулу депутаттык мандатын тапшырып берди