Бишкекте Якутиянын ири театрынын спектакли тартууланды. Сүрөт

Чыгармачыл топ 26-апрелде заманбап хореография менен концерт берет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында Якутиянын ири театрынын спектакли тартууланды.
Эске салсак, Саха Республикасынын Д.К.Сивцев атындагы Мамлекеттик опера жана балет театры гастроль менен Бишкекке келген.
1 / 4

24-апрелде көрүүчүлөргө Якутиянын белгилүү эпосунун негизинде даярдалган "Нур баатыр" (Ньургун Боотур) операсы тартууланган

2 / 4

Эпос ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын оозеки материалдык эмес маданий мурасынын шедеври деп таанылган

3 / 4

Спектаклдин режиссеру Россия менен Якутиянын эл артисти Андрей Борисов

4 / 4

Чыгармачыл топ 26-апрелде заманбап хореография менен концерт берет

24-апрелде көрүүчүлөргө Якутиянын белгилүү эпосунун негизинде даярдалган "Нур баатыр" (Ньургун Боотур) операсы тартууланган. Эпос ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын оозеки материалдык эмес маданий мурасынын шедеври деп таанылган. Спектаклдин режиссеру Россия менен Якутиянын эл артисти Андрей Борисов.
Чыгармачыл топ 26-апрелде заманбап хореография менен концерт берет. Артисттер театрдын башкы балетмейстери, Россия жана Якутиянын эмгек сиңирген артисти Екатерина Тайшина даярдаган "Геометрия движения" жана "Сияющий камень" деп аталган эки актылуу балет премьерасын коюшат.
"Биз — бир бүтүндүкпүз". КРСУда өткөн гала-концерттин видеосу