Кыргызстан Азербайжанга белек катары мектеп куруп берет

Окуу жайда спорттук жана жыйындар залдары, китепкана, лабораториялар, ошондой эле информатика жана баштапкы аскердик даярдык боюнча кааналар болот.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Азербайжан президенттери Садыр Жапаров жана Илхам Алиев Хыдырлы айылында болочок орто мектептин пайдубалына мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 5

Кыргызстан менен Азербайжан президенттери Садыр Жапаров жана Илхам Алиев Хыдырлы айылында болочок орто мектептин пайдубалына мезгил кутусун салуу аземине катышты

2 / 5

Кабарда мектеп Азербайжан элине Кыргызстандын белеги катары курулары айтылган

3 / 5

Президенттер мектептин курулуш долбоору менен таанышып, келечек муундарга жазган каттарга кол коюп, аны мезгил кутусуна салышты

4 / 5

Ошондой эле келечектеги мектептин пайдубалына капсулаларды түшүрүп, андан кийин атайын сигнал баскычтарды басып, курулуш иштерин баштап беришти

5 / 5

Эки кабаттуу мектеп 22 окуу классына ылайыкталган. Окуу жайда спорттук жана жыйындар залдары, китепкана, лабораториялар, ошондой эле информатика жана баштапкы аскердик даярдык боюнча кабинеттери болот

Кабарда мектеп Азербайжан элине Кыргызстандын белеги катары курулары айтылган.
Президенттер мектептин курулуш долбоору менен таанышып, келечек муундарга жазган каттарга кол коюп, аны мезгил кутусуна салышты. Ошондой эле келечектеги мектептин пайдубалына капсулаларды түшүрүп, андан кийин атайын сигнал баскычтарды басып, курулуш иштерин баштап беришти.
Эки кабаттуу мектеп 22 окуу классына ылайыкталган. Окуу жайда спорттук жана жыйындар залдары, китепкана, лабораториялар, ошондой эле информатика жана баштапкы аскердик даярдык боюнча кабинеттери болот. Мектептин аймагына спорт аянтчасы, эс алуу жайы жана откана курулат.
Азербайжан-Кыргыз фондунун уставдык капиталы төрт эсе көбөйүп, 100 млн. доллар болот