Эксперт: ЕАЭБ өлкөлөрү атаандаштыктан кызматташууга өтүшү керек

Саясий эксперт Россиянын жана Беларустун союздук мамлекет тажрыйбасы ЕАЭБге пайдалуу болот деп божомолдогон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. ЕАЭБ атаандаштыктан кооперацияга өтүшү керектигин саясий эксперт, "Движение Союз" коомдук уюмунун лидери Сергей Лущ (Беларусь) Москвада "Евразия" эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча коммерциялык эмес уюмдун бет ачарында сүйлөп жатып билдирди.
Ал Россиянын жана Беларустун союздук мамлекет тажрыйбасы суроо-талапка ээ болот деп эсептейт. Санкциялардын басымындагы туруктуу экономикалык өсүш, өз ара пайдалуу өнөктөштүк жана адилеттүүлүк, ошондой эле кооперациялык логика атаандаштыктан биргелешкен продукцияны калыптандырууга өтүү үчүн ыңгайлуу негиз деген пикирде.
"ЕАЭБдин алкагындагы экономикалык өз ара аракеттенүү дал ушул логика менен өнүгүүсү керек. Мында уюмга мүчө өлкөлөр жана келечектеги өнөктөштөр өз ордун таап, татаал системага интеграциялана алган евразиялык союздук продукт түзүү маанилүү болуп турат", — деген Лущ.
ЕАЭБде азык-түлүктү маркалоо боюнча маанилүү чечим кабыл алынды