Эксперт: ЕККУ дискредитациясынан соң евразиялык коопсуздуктун жаңы системасы керек

Усубалиев учурда Евразияда ШКУ, ЖККУнун алкагында процесстер жүрүп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму (ЕККУ) толук дискредитацияланган жагдайдан кийин эксперттер евразиялык коопсуздуктун жаңы системасын түзүү жөнүндө ойлонушу шарт. Бул туурасында эл аралык маселелер боюнча эксперт, "Акыл-эстүү чечим" аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиев Москвада "Евразия" эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча коммерциялык эмес уюмунун бет ачарында сүйлөп жатып билдирди.
"ЕККУнун толук дискредитацияланып жана туруктуулукка, тынч кырдаалга доо кетпейт деген нерсе жок болгондон кийин эксперттик коомчулукка евразиялык коопсуздуктун жаңы системасын түптөө, калыптандыруу жөнүндө ойлонууга учур келип жетти", — деген Усубалиев.
Ал учурда Евразияда ШКУ, ЖККУнун алкагында процесстер жүрүп жатканын белгилеген. Эксперттин пикиринде, бул Евразиядагы коопсуздук боюнча жаңы системанын жүзү жана ал эл аралык тартиптин бир бөлүгү болуп калышы шарт.
Борбор Азиядагы евразиялык бейөкмөт уюмдар кантип иштеши керек. Эксперттин пикири