Электросамокат айдоо эрежесин жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Мыйзамга жеке мобилдүүлүк каражаты түшүнүгү киргизилип, аны пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу максатталган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Электросамокаттарды пайдаланууну жөндөгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Аталган документ менен жеке мобилдүүлүк каражаты (электросамокаттар, самокаттар, гироскутерлер жана башка ушул сыяктуу түзүлүштөр) түшүнүгү киргизилип, аны пайдалануу эрежелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
Жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалангандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
атайын бөлүнгөн тилке/сызык боюнча, ал эми ал жок болгон учурда кыймылдын багыты боюнча жолдун жээгинин оң чети менен жүрөт;
караңгыда жана жакшы көрүнбөй калган учурда жарык чагылдыруучу элементтерди тагынышы керек;
жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага берүү пунктуларынын ээлери жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүүгө, ошондой эле мобилдүү транспортту талаптагыдай техникалык абалда сактоого милдеттүү;
эгерде жеке мобилдүүлүк каражаты бузулуп кырсыкка себеп болсо, жоопкерчилик жеке мобилдүүлүк каражатынын менчик ээлерине жүктөлөт.
Министрлер кабинетине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоонун тартибин жана шарттарын аныктоочу тиешелүү эрежелерди бекитүүгө ыйгарым укуктар берилип, бул багыттагы маселелерди жөнгө салат.
Мындан тышкары, жергиликтүү бийликке жолдордо, жаңы жолдорду долбоорлоодо, курууда жана оңдоодо жеке мобилдүүлүк каражаттар үчүн арналган кошумча жол белгилери менен тротуар бөлүп берүүгө милдеттендирилүүдө.
Электросамокат айдоо эрежесин бузгандарга айып салуу мыйзам долбоору сунушталды