Садыр Жапаров эки күндүк мамлекеттик сапар менен Бакуга барды

Мамлекет башчыны аба майданынан Азербайжандын вице-премьери Шахин Мустафаев тосуп алганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барган Садыр Жапаров Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарларды.
1 / 3

Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барган Садыр Жапаров Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна конду

2 / 3

Билдирүүдө мамлекет башчыны аба майданынан Азербайжандын вице-премьери Шахин Мустафаев тосуп алганы айтылды

3 / 3

Эки күндүк сапардын алкагында өлкө башчы Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү айтылган

Билдирүүдө мамлекет башчыны аба майданынан Азербайжандын вице-премьери Шахин Мустафаев тосуп алганы айтылды.
Эки күндүк сапардын алкагында өлкө башчы Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү айтылган. Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда. Анын жыйынтыгы боюнча, кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.
Президенттер Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышары кошумчаланган.
Президент баш прокурор менен министрге сөгүш жарыялады. Себеби