Садыр Жапаров Азербайжанга жөнөп кетти. Коштоп жүргөндөр

Өлкө башчынын сапары эки күнгө созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
24-25-апрелге белгиленген визиттин алкагында мамлекет жетекчиси Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана мындан ары өнүгүүнүн келечегин талкуулайт.
"Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча президенттердин биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандык делегациянын курамы:
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;
транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
энергетика министри Таалайбек Ибраев;
экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова;
саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
юстиция министри Аяз Баетов;
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов;
Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев;
президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду кандай артыкчылыктарга ээ болот?