РФ коргоо министринин орун басары пара алды деп камакка алынды

Аткаминер кечээ кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Басман соту Россиянын коргоо министринин орун басары Тимур Ивановду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча, Иванов ири өлчөмдө пара алууга шектелип жатат. Аткаминердин кармалганы кечээ белгилүү болгон.
Иванов министрликтин имараттарын куруу жана оңдоо иштерине жооптуу болчу.
УКМК: Бишкекте 2,5 миң доллар пара талап кылган автоинспектор кармалды. Видео