Пресс-борбор

Радиоэфирге даярдык, спикер тандоо. Студенттерге өтүлгөн мастер-класстан ирмемдер

Sputnik Кыргызстан радиосунун редактору жана алып баруучусу Айтурган Сатиева журналистика тармагында билим алып жаткан студенттерге SputnikPro долбоорунун алкагында мастер-класс өттү.
Sputnik
Иш-чара кандай өткөнүн сүрөт түрмөктөн көрүңүз.
SputnikPro долбоорунун алкагындагы мастер-класска Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик окуу жайдын жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери катышкан. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин студенттери да онлайн кошулду.