Президент баш прокурор менен министрге сөгүш жарыялады. Себеби

Президенттик администрациянын комиссиясы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык катында айтылган фактыларды тастыктаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев
Өлкө жетекчиси буга чейин президенттик администрациянын комиссиясына прокуратуранын айрым кызматкерлери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин лицензиялоо боюнча комиссиясынын ишине кийлигишкени боюнча маселени карап чыгууну тапшырган. Бул фактылар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык катында айтылганы белгиленди.
Буга байланыштуу баш прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге кол алдындагыларды көзөмөлгө албаганы үчүн сөгүш жарыяланды.
Мындан тышкары, Зулушевге орун басары Кубан Адил уулун ээлеген кызматынан бошотуу, дагы эки башкармалыктын жетекчиси Мирлан Майтпасов менен Авазбек Аликуловго сөгүш жарыялап, ротациялоо тапшырмасы берилди.
Пресс-борбор
Кайсы министрликтер натыйжалуу иштеп жатат? Президенттик аппараттын баасы