Акыйкатчы маморгандарды окуучунун сабалышы боюнча чара көрүүгө чакырды

Жамиля Жаманбаевага сабалган 1-класстын окуучусунун апасы кайрылганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жети жашар баланын сабалышы боюнча мамлекеттик органдарды чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Жаманбаевага Бишкектеги мектептердин биринде сабалган 1-класстын окуучусунун апасы кайрылып, баланы урган адам камалбай жүргөнүнө нааразычылыгын билдирген.
Ошондой эле ал мектеп тарабынан жазылган арыз кабыл алынбаганын айтып, тергөөчүнүн ишине арызданган.
Акыйкатчы институту тийиштүү мамлекеттик органдарга баланын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу талабын койгону айтылды. Ошондой эле эне менен балага акысыз жактоочу жана психолог берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ыкчам чаралар көрүлгөнү кошумчаланды.
Тээп, жулкулдатып... Бишкекте окуучуну сабады деген киши кармалды