Шашылыш билдирүү: бир саат ичинде катуу шамал болот. ӨКМ эскертти

Министрлик элди катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында катуу шамал болот. Бул туурасында ӨКМ кабарлады.

"Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал күтүлөт", — деп айтылган маалыматта.

ӨКМ элди катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырды.
"Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз 112 кызматына кайрылып, жардам сураңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат", — деп кайрылды министрлик элге.
Радио
ӨКМ жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сел кооптуулугуна даяр турууга чакырды