Бишкекте 14 мектеп, бир бала бакчанын спорт аянтчасынын эскизи иштелип чыкты

Эскиздик долбоорго волейбол, баскетбол, футбол, ошондой эле воркаут аянтчалары жана кээ бир мектептерде жабык футбол аянтчалары кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын адистери Октябрь районунда жайгашкан 14 мектеп менен бир бала бакчанын спорт аянтчаларынын эскиздик долбоорлорун иштеп чыгышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш мэрдин тапшырмасынын алкагында жана Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын билдирүүсүнүн негизинде жүргүзүлдү.
1 / 4

"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын адистери Октябрь районунда жайгашкан 14 мектеп менен бир бала бакчанын спорт аянтчаларынын эскиздик долбоорлорун иштеп чыгышты

2 / 4

Маалыматка ылайык, иш мэрдин тапшырмасынын алкагында жана Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын билдирүүсүнүн негизинде жүргүзүлдү

3 / 4

Эскиздик долбоорго волейбол, баскетбол, футбол, ошондой эле воркаут аянтчалары жана кээ бир мектептерде жабык футбол аянтчалары кирген

4 / 4

Оюн аянтчалары окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүп, жасалма газон менен жабдылат

Эскиздик долбоорго волейбол, баскетбол, футбол, ошондой эле воркаут аянтчалары жана кээ бир мектептерде жабык футбол аянтчалары кирген. Оюн аянтчалары окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүп, жасалма газон менен жабдылат.
Долбоор ошондой эле фонтан, спорт зал, кечки жарыктандыруу жана сырттагы дааратканаларды камтыйт.
Баланы мектепке электрондук каттоодо мүчүлүштүк жаралса эмне кылуу керек?